Жаңгак эс тутумду жакшыртып, иммунитетти көтөрөт

0
298

Кадимки жаңгактарды орус эли грек жаңгагы деп аташат. Анткени, мындан миң жылдар мурун Оруссияга жаңгактарды грек соодагерлери алып келе башташканы белгилүү. Өзү ал негизинен байыркы Персиядан таркала баштаган деп да айтышат. Бирок, качан адамдар бул таттуу жаңгактар тууралуу биле башташканы белгисиз.

Адамдын мээсине окшош жаңгак

★Жаңгактын даны укмуштуудай адамдын мээсинин формасына окшош болгондугу менен элди таң калтырып келет. Аны мурдатан эле элдер ал “акылга, мээге эң сонун таасирин берет” деп ишенип келишкен жана анын өзүн акыл деп аташкан. Ошондуктан ал башынан эле адамдардын сүйүктүү азыгы болуп эсептелген. Ошондой эле адам ачууланып, жини келип нерви жабыркап жатканда жаңгактарды алып алаканга сүртүп, массаж жасаса, таасири чоң болот. Мээси сергип, ачуусу басылып, жини таркап, кадимкидей жыйынтык болот.

Элдик медицинада

★Жаңгактар адамдын ден соолугуна абдан пайдалуу. Ким аны жесе, туура кылат. Бекеринен йога машыгуучулары аны дайыма күнүмдүк рационуна кошуп жешпейт. Ал эми элдик медицинада ал эс алдыруучу жана күчтү калыбына келтирүүчү дары болуп эсептелет. Эркектер дайыма күчтүү болуш үчүн ушул убакка чейин жаңгактарга басым жасаганы да ошондон экен. Улуу дарыгер Авиценна өз убагында майдаланган жаңгак менен балдын аралашмасын, организмине керектүү заттар жетишпей кыйналгандарга сунуштаган.

Жаңгактын жалбырактары

★Жаңгактын жалбырактарын июнь айында чогултушат. Алар элдик медицинада организмдеги курттар менен күрөшүүдө, ар кандай жараларды дарылоодо, тери ооруларында, тери кургак учугунда, денеге шишиктер, тактар пайда болгондо тердетүүчү каражат катары колдонулат. Мисалы, кан басым оорусунда бир стакан кайнак сууга бир кашык кургатылган жаңгактын жалбырагын демдеп күнүгө 3-4 жолу 1 аш кашыктан ичип туруу керек. Ангина менен ооруганда жаңгактын жалбырагынын тундурмасы менен тамакты чайкаса жакшы жардам берет. Бул тундурманы даярдоодо 1 аш кашык майдаланган жалбыракты, кайнатылган 2 стакан сууга 15-20 мүнөт демдеп, андан кийин ал тундурманы ичсе болот. Жалбырактуу чайды цинга жана кант диабети менен ооругандарга сунушталат. Кайнатылган бир стакан сууга бир аш кашык кесилген жалбыракты 10 мүнөт коюп, күнүгө 2-3 жолу ичет.

Жаңгактын майы

★Жаңгактын майы жаракат алган жерлерди айыктырууга жардам берет. Ал көзгө тирсек чыкканда жана кулактын ичине суук тийгенде абдан пайдалуу. Май тундурмасын 50-80 г жаңы кесилип алынган жалбыракты 300г тазаланган күн карама майына, бөлмө температурасында 15-20 күн коюп тыныктырабыз андан соң бул тундурма даяр болот.

Баалуулугу

★Толук бышып көпкө сакталган жаңгакты нанга кошсо анын калориясын эки эсе жогорулатат. Бул азык унутчаактык оорусуна же организмге витамин, темир жетишсиз болгон учурда даба болуп эсептелинет. Жаңгактын майлуулугу ичеги карындын кеңейүүсүнө жардам берет. Жаңгак мөмөсү улгайган адамдарга абдан пайдалуу жемиш, ал эми ич катып ооруганда, бала эмизген энеге, ичеги карын жана боорунда дарты бар адамдарга даба берип холестериндин деңгээлин түшүрөт. Анын курамында А,В,С,Е витаминдери көп. Ошондуктан күнүнө 5 жаңгакка чейин жеп турган адамдар организмин витаминдер менен камсыз кылат. Быша элек жаңгакты туздалган жеңилдетүүчү каражат менен айкалыштырган соң тоголок курттар менен күрөшүүдө колдонулат. Калтыратма, нерв ооруларына жаңгактын суу тундурмасын күнүнө 1 аш кашык менен 3 маал ичүү сунуш кылынат.

Азыктандыруучу касиетке ээ

★Жаңгактар эң жогорку азыктандыруучу касиетке ээ. Анткени, анын курамында майдын (77%га) белоктору, углеводдору, С,В, Е витаминдери, калий, фосфор, магний, темир, жана башка минералдык заттар көп. Азыктандыруу касиети жагынан жаңгак нанды 3 эсе, картөшкөнү 7 эсе, алманы 12 эсе, уйдун сүтүн 10 эсе басып өтөт. Адамдын организми бир суткалык май менен камсыз болуш үчүн 2 жаңгак жетиштүү болот. Анын дагы бир баалуулугу болуп аны курамындагы кан басым маселесин алдын алган, организмди калыптанткан касиетке ээ пайдалуу кислоталардын көптүгү болуп эсептелет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here