Анар терини жашартып, көп ооруга дабаа болот

0
742

Жайды жайлай бакчага кооздук тартуулап турган анар бадалы кеч күздө адамга өзүнүн “сонун жемиш” аталган түшүмүн берет. Мындай аталыш ага жөн жерден ыйгарылган эмес, анткени, ал “сонун жемиш” дегенге татыктуу пайдалуу сапаттарга ээ. Эмесе, анардын организмге кандай жардамдарды бере алаары тууралуу төмөнкү материалдан таанышсаңыз болот.

Анар бийиктиги 6 метрге чейин жеткен бадал. Жемиши катуу кабык менен капталып рубин түсүнө ээ, ал эми анын ортосу чел кабык каптаган ширелүү дандарга (400-700 даана) толгон. Анардын мекени катары тарыхта Түндүк Африка менен Орто Азия айтылып жүрөт. Аны өтө көп өстүргөн өлкөлөргө Крым, Иран жана Грузия кирет.

Пайдалуулугу

Анардын дээрлик бардык бөлүгү: кабыгы, чел кабыгы, дандары жана маңызы пайдалуу болуп саналат. Себеби, анын курамы организмге бул же тигил жактан жакшы жардам бере турган витаминдерге, минералдык заттарга, туздарга жана микроэлементтерге бай келет. Тагыраагы, анарда клетчатка, глюкоза, фруктоза, лимон, алма кислоталары, азоттун кычкылы, кальций, магний, калий, марганец жана натрий бар. Булардын пайдасы тийиши үчүн адам аталган жемишти жаңы түрүндө, шире, кыям, сироп, шарап жана балмуздак түрүндө жесе болот.

Анарды кантип тандоо керек?

Нормалдуу анардын кабыгы купкургак, ал эми ичи ширелүү болот. Ал үчүн сырткы кабыгы жылмакай эмес, тескерисинче бир аз бүдүрлүүсүн сатып алсаңыз, жаңылбаган болосуз. Ал эми кабыгы жылмакай жана жагымдуу анар убагынан эрте үзүлгөн болуп саналат. Кабыгынан сырткары жемиштин нормалдуу экенин анын гүлдөгөн жеринен билүү керек. Так айтканда, гүлдөгөн жери жашыл тартып турган анар эскирип калган. Ошол эле маалда эскирбеген анар катуу болушу зарыл.

Калориялуулугу 

100 г анар маңызында 62-79 килокалорий бар

100 г анар ширеси 42-65 килокалорийге барабар

Зыяндуулугу

Анардын кабыгында анча көп эмес, бирок, күчтүү болгон уулуу зат – алколоид бар. Ошон үчүн аталган жемишти ден соолукту чыңдоо максатында колдонууда этиеттик өзгөчө зарыл. Башкача айтканда, көрсөтүлгөн өлчөмдө гана кабыл алуу керек. Болбосо кан басым көтөрүлүшү, баш айланышы, көрүү начарлашы мүмкүн.

Анар жана ден соолук

– Анар ширеси табитти жакшыртат;

– Аз кандуулук менен күрөшүүдө 2 ай бою күнүнө 3 маал тамакка чейин 0,5 стакан жаңы сыгылган анар ширесин ичсе болот;

– Анардын дандарын артериалдык кан басым чукул төмөндөп кеткен жагдайда жеш керек;

– Анардын ичиндеги дандарын каптаган чел кабыктарды кургатып, чай катары демдеп ичсе нерв системасын тынчтандырат жана түн уйкуну жакшыртат;

– Атеросклероздон, өнөкөт баш оорудан арылуу үчүн үй шартында сыгылган анар ширесин ичип туруу зарыл;

– Ооруп турган тишти бал менен аралашкан анар дандарын жеп басууга болот; – Инфекциялык оорулардан тезирээк айыгуу үчүн тиешелүү дары-дармек менен бирге жаңы бышкан анарды жесе болот;

– Анар ширеси организмди уулануудан коргойт. Мындай максатта аны радиоактивдүү өнөр-жайларда иштегендер же ушундай зонада жашагандар колдонушу керек;

– Чүчөктөн арылуучу эң жакшы каражат катары эсептелет. Ал үчүн анардын 40-50 г майдаланган кабыгын 400 г муздак сууга 6 саат чылап, анан жай отто 200 г суу калгычакты кайнатуу керек. Муздаган соң марлядан сүзүп жиберип, суусун бир сааттын ичинде бөлүп-бөлүп ичип, 4-5 сааттан кийин клизма жасоо зарыл;

– Сынган жерлерди батыраак калыбына келтирүү үчүн анардын майдаланган кабыгы менен алоэ ширесин аралаштырып сүйкөгөн жакшы;

– Ангина болуп жаткан маалда анар ширеси же анын майдаланган кабыгы (1 чай кашык) чыланган ысык суу (1 стакан) менен тамакты чайкаса, чыдаткыс оору басылат жана инфекциялар өлөт;

– Анар инсулинди алмаштыруучу сапатка да ээ. Ал үчүн кант диабети менен ооруган шартта жана канда кант жогору болуп турганда күнүнө 4 жолу 60 тамчыдан анар ширесин тамакка чейин ичүү керек. Үчүнчү күнү кант нормага түшөөрү бышык.

Анар жана сулуулук

Теринин майлуу же безеткилүү болушун анар маскасы менен калыбына келтирсе болот. Ал үчүн анардын кургатылган жана майдаланган кабыгын бир аз кууруп, муздаган соң ага ылайыктуу кылып оливка майын кошосуз. Аралашманы муздаткычта сактап, андан жумасына 2 жолу бетиңизге 10-15 мүнөткө жаап турасыз;

Бетиңиздин териси жагымдуу болушу үчүн 1 чай кашыктан анар ширеси менен каймакмайды аралаштырып, 10-15 мүнөткө маска катары сүйкөсөңүз болот;

Бетиңизди агартууну кааласаңыз, анда төмөнкү масканы жасаңыз. Алгач 2 аш кашык жаңы сыгылган анар ширесин 1 аш кашык каймакмай жана 0,5 аш кашык лимон ширеси менен аралаштырып, бетиңизге жабыңыз. Анан 15 мүнөттөн соң салкын сууга жууңуз;

Анар майлуу чачты калыбына келтирүүдө натыйжалуу каражат. Ал үчүн идишке бир даана чоң анардын ширесин сыгып, ага бир стакан таза аракты, анча чоң эмес бир лимондун ширесин, бир аш кашык сабиз ширесин жана бир аз балды кезеги менен кошосуз. Жакшылап аралаштырган соң бул массаны бөтөлкөгө куюп, капкагын бекем жаап күн тийбеген жана муздак жерге 10 күн тыныктырасыз. Анан чачты жууганга 20 мүнөт калганда масканы коюп турасыз;

Беттин терисиндеги кара чекиттерди жана сепкилдерди жаңы сыгылган анар ширеси менен сүртүп отуруп азайтса болот. Бирок, бул ыкма териси кургак адамдарга тиешелүү эмес.

Дарылык касиети

Ич өткөндө: ичеги-карын ооруларына жана өнөкөт ич өткөк оорусун басаңдатууга жардам берет. Элдик медицинада ичтеги курттар менен күрөшүүдө анардын кабыгынан жасалган кайнатма жардам берери аныкталган. Бирок ченеми менен абайлап колдонбосо, ашыкча колдонуудан ууланып калуу коркунучу бар.

Сасык тумоодо: сасык тумоо ооруларын алдын алууда жана дарыланууда анардын жардамы чоң. Мисалы, ангина оорусунда анардын табигый ширеси менен ооз көңдөйүн, тамакты чайкаса болот. Температуранын көтөрүлүшүнө каршы турган касиетке ээ.

Күйүктө: эгерде дене жеңил күйүккө дуушар болсо, анардын мөмөсү жаракаттын тез бү түшүнө жардам берет.

Көз оорусунда: анарды үзгүлтүксүз пайдалануу адамдын көрүүсүнө оң тасирин тийгизет. Катаракта же миопия дарттары менен жабыркагандар күнүнө тамактан кийин бирден анар жеп койсо пайдалуу.

Кант диабетинде: кант диабети менен жабыркагандарга кандагы глюкозаны толуктоо үчүн анардын кычкыл сортунан шире жасап ичүү сунушталат. Бирок алдын ала доктур менен кеңешип алуу шарт.

Психикада: Анардын кургатылган мөмөсүн чайдын ордуна колдонсо, стресстен арылтып, уйкуну жакшыртып, нервди тынчтандырат.

Анемияда: кандагы гемоглобинди көтөрөт.

Ооруну басаңдатууда: баш ооруда жана аялдардын жатын оорусунда ооруну басаңдатууга жардам берет. Ал эми тиш ооруда анардын сөөгүн бал менен аралаштырып колдонсо, жан чыдаткыс ооруну басаңдатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here