Айдана Дека:”Чыныгы атага жолуктум”

0
192

Кыргыз эстрада ырчысы Айдана Дека айымдарга жардам берүү максатында, проект даярдап жатканын билдирди. Анын алкагында, ырчы айым өзүнүн башынан өткөн күндөрдү баяндап, бир күндө эле учурда жашап жаткан жашоосуна келип калбаганын айтат:

“7 жашымда ата-энем ажырашты. Мен үчүн бул чоң шок болду. Анткени мен атама аябай жакын болчумун. Бардыгы буйрук экен. Мен эч качан ата-энем ажырашым кетет деп ойлогон эмесмин. Баары ушул бойдон калат, өмүр бою ата-энеме эркелеп жүрөм деп ойлогом. Апам экөөбүз жалгыз калганда, жашоодо ар кандай нерселер болорун түшүндүм. Ошол үчүн бардык нерсеге даяр болуш керек экен.

Андан кийин чыныгы атага жолуктум. Эң мыкты, мээримдүү аталуу болдум. Ал мага чыныгы ата болуп берди. Мени “кызым” деп эркелеткен, мээримин төккөн, окуткан, турмушка узаткан, колдогон менин аска-зоом. 15 жылдан бери мага катуу сүйлөбөгөн, бир гана жакшы сөздөрүн тартуулаган атам.

Бул менен эмнени айткым келди. Ажырашуу, депрессия, жалгыз калуу эмне экенин билем. Кичинекей болсом дагы баарын түшүнүп, көрчүмүн. Андай нерсени эч ким башынан өткөрбөсүн!

Ал эми буйрук болуп, ажырашсаңыз, анда сынбагыла, күчтүү болгула! Жашоо токтогон жок, балдарыңыз үчүн аракет кылгыла. Сөзсүз ийгиликтүү, ыймандуу балдар чоңоёт. Балдарыңыз таарыныч сезим менен жашабашы керек. Бул абдан зыян келечек үчүн.

Мен көпкө чейин таарынып жүрдүм. Жек көрүп жүрдүм. Бирок бул ден соолукка, ички дүйнөгө зыян. Таарыныч өзгөчө айымдардын ден соолугуна өтө зыян.

Жакында эле Кудайдын буйругу менен тойлордун биринен атам менен жолугуп калдык. Ушунча жылдан бери көрө элек атама…Ыйлаган, таарынган, жек көргөн жокмун! Ооба, кечириш үчүн аябай көп убакыт керек болду. Бирок мен баарын жеңдим. Кечирсем дагы катташайын деген оюм жок. Эң башкысы кечирдим, коё бердим. Ден соолукта болсун, өмүрү узун болсун. Кудайдан ошону тилейм. А менин болсо, мени баккан, мени жакшы көргөн, колдогон өзүмдүн атам бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here