Айпери Медет кызы коло байгеге ээ болду.

0
1353

Мекендешибиз Айпери Медет кызы Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду.

Кыргыз балбан кызы коло медаль үчүн болгон беттеште украиналык Анастасия Шустова аттуу спортчу менен күч сынашты.

Беттеште кыргыз балбан кызы кыйла мыктылыгын көрсөтүп, 2 мүнөттүн ичинде эле жеңишти камсыздады. Алгач эле 4 упай алып, адан соң каршылаштын эки бутун бирдей кармап токтотпостон айлантуу менен 8 упайды бир убакта алууга жетишти. Беттеш 12:1 эсебинде аяктап, Айпери Медет кызы эч кыйналбастан жеңишке жетти.

Муну менен мекендешибиз дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду.

Эске салсак, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алгачкы беттешин болгариялык Мария Оряшкова аттуу спортчуга каршы өткөргөн. Анда каршылашына эч мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкен. Ал эми чейрек финалда орусиялык Марина Суровцевага каршы килемге чыгып, аны дагы буйдамга келтирбестен 10:0 менен утуп алган.

Жарым финалдык беттеште, тилекке каршы, эстониялык Еп Мае аттуу балбан кызга жеңилип калган. Ал беттеш 3:3 эсебинде аяктап, эрежеге ылайык акыркы упайды иштеп тапкандыгы үчүн эстониялык спортчуга жеңиш ыйгарылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here