Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Жүзүмжан айылында күйдүргү чыкканына байланыштуу бир айга карантинге киргизилди

0
42

Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Жүзүмжан айылында күйдүргү чыкканына байланыштуу бир айга карантинге киргизилди. Бул тууралуу Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков билдирди.

Маалымыматка ылайык, учурда Жүзүмжан айылына ветеринардык блок посттор орнотулган. Учурда 41 жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө, үйүндө даарыланып жатат.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сибирь жарасына шек саналып жети адам 10-сентябрь күнү ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен эки адамдан күйдүргү аныкталган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here