Акжол Махмудовго Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан Бишкек шаарынан батир белекке берилди.

0
114

17-сентябрда Ош шаарынын мэриясынын атайын жыйындар залында спортчуларды сыйлоо аземи өттү.

Анын алкагында “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон Акжол Махмудовго Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан Бишкек шаарынан батир белекке берилди.
Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Иш-чарага 500дөн ашык спортчу катышты. Спортчуларга жана машыктыруучуларга Жогорку кеңештин сыйлоо баракчалары тапшырылды.

Маалыматта Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду ар дайым спортчуларды колдоп келгени айтылат.
Буга чейин дагы Акжол Махмудовго Ош шаарынан эки бөлмөлүү батир тапшырылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here