Артем Новиков Райым Матраимовдун жээниби?

0
687

Эки күн мурун чуулгандуу журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темиров коррупциялык схемалардын бетин ачып берүүнү убада кылган кезектеги иликтөөсүнүн видеосун жарыялашкан. Бирок, Токтакунов кайрадан ага “Матраимовдун темасы” деген атактуулук алып келген темага кайтып келди.

Бул жолу ал президенттин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду Матраимовдордун үй-бүлөсү менен үй-бүлөлүк байланышта деп айыптоодо.

Бажы кызматынын мурдагы кызматкери Райымбек Матримовдун агасы Искендер Матраимовго “Кабарлар” сайты байланышып, комментарий алды. Анда ал журналист Али Токтакуновдун кыялында чек жок экендигин белгилеген.

“Али Токтакунов биринчи тергөө иштеринин айланасындагы ызы-чуудан уялса болмок. Андан кийин ал тергөө учурунда жасалма документтерди алып келгендиги үчүн кечирим да сураган жок. Чындыгында эле, 5-каналдагы дебаттар учурунда ал жеке өзү мага менин инимдин (Райымбек Матраимов) күнөөсү боюнча далилдер жок экендигин, ошондо келтирген жүйөлөрү жөн гана шектенүүлөр болгонун айтты.

Кийинчерээк “Азаттыктын” журналистин иликтөөдө айтылган кол тамгалар дагы жасалма болуп чыккан. Бул тууралуу журналист Элнура Алканова мамлекеттик Бешинчи каналдагы сюжетинде ачып берген.

Ал эми тергөө иштеринде айтылган 700 миллион өзбек ишкерлерине таандык болгон. Бул жөнүндө Саймаити өзү дагы айткан, ал тургай Өзбекстандын телеканалдары кимдин акчасы Кыргызстан аркылуу Түркияга алынып кеткенин көрсөтүшкөн.

Эми ал жасалма материал болгонун баары билишет. Жай мезгилинде, Айеркен Саймаитинин иши боюнча комиссиянын отурумунда, КР УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин Али Токтакунов Айеркен Саймаитинин 100 миң АКШ долларына бажы жана менин инимдин айланасында чуулгандуу иш-аракеттерди уюштурган деп айткан. Тергөөнүн жыйынтыгында инимдин күнөөсү далилденген жок, жөн эле коомдук резонанс жаратты. Али Токтакуновду эл аралык “Азаттык” агенттигинен иликтөө иштеринде так иштебегени үчүн кызматтан кетиришкенин билебиз.

Бирок менин оюмча, биздин акылман кыргыз эли бардыгына туура баа берет жана мындай ушактарга ишенбейт.

Эртең Артем Эдуардович (Кыргызстандын премьер-министри) Райымбек Матраимовдун жээни деп айтышса, биз мындан ары таң калбайбыз. Алар бул жерден дагы ойдон чыгарылган фактыларды табышат деп ишенем”, – деди Искендер Матраимов.

Чындыгында,  маалымат жарыялангандан кийин, көптөгөн социалдык тармактардын колдонуучулары журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темировдун иликтөөсүнүн ишенимдүүлүгүнө күмөн санап, аларды коррупцияга айыпташууда.

“Кабарлар” сайтынан алынды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here