Буга чейин жер ресурстары департаментин жетектеп келген Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри болуп дайындалды.
Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.
Мурунку вице-мэр Уланбек Азыгалиев “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесине ылайык (кызматты өз каалоосу боюнча токтотуу) берилген арызга ылайык, баш калаанын вице-мэри кызматынан бошотулган.