Дүйнөдө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 17,2 миллиондон ашты

0
64

Окумуштуулар тарабынан түзүлгөн онлайн картага ылайык, акыркы бир күндө дүйнөдө коронавирус жуккан адамдардын саны 268121 адамга көбөйдү.

Дүйнөдө жалпысынан 17 миллион 297 миң 121 адам коронавируска чалдыккан. Эң көп жуккан АКШ (4 миллион 495 миң 14), Бразилия (2 миллион 610 миң 102), Индия (1 миллион 634 миң 746), Россия (832 миң 993), Түштүк Африка (482 миң 169), Мексика (416 миң) 179) Перу (400 миң 683), Чили (353 миң 536) жана Улуу Британия (303 миң 910).

Коронавирус жуккан соң айыгып кеткен адамдардын саны 10,1 миллиондон ашты. Бир сутка ичинде бул көрсөткүч 184 миң 416 кишиге көбөйгөн.

Коронавирустан каза болгондордун саны 673 миң 171ге жетти.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here