ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз тамеки продукцияларын ташып келген жаран Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

0
240

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз тамеки продукцияларын ташып келген жаран Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды
ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош областында “Т.Ж.О.,” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Subaru Forester” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынына бажылык текшерүү жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 10000 куту “Milano” соода маркасындагы тамеки продукциясы табылган.
Кармалган товардын жалпы наркы 650000 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here