ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келген автотранспорт каражаты Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

0
130

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келген автотранспорт каражаты Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды
ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери “Достук” өткөрмө пунктунда 2008-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Hyundai Grand Starex” маркасындагы автотранспорт каражатын мыйзамсыз алып өтүү фактысын аныкташты.
Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын кузов номери менен автоунааны каттоо күбөлүгүндөгү номер дал келбей, кармалган автоунаанын документтери жасалма болгондугу аныкталган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here