Күйөөмдүн сүрөттөрүн көргөндөн кийин ага жийиркенич пайда болду

0
389

Күйөөгө чыкканыма бир жыл болду. Той алдында биз дээрлик бир жыл жолуктук, бир нече ай чогуу жашадык.

Болочок күйөөмдү жакшы таанып калгандай сезилген. Бирок мен билбеген кылыктары көп өтпөй эле чыга баштады. Анын конүлдөштөрү өтө көп экен.

Флешкадан күйөөмдүн башка кыздар менен түшкөн сүрөттөрүн таап алдым. Эң жагымсызы, менин бөлөмдүн сүрөттөрү да бар экен. Мен алардын мамилеси тууралуу эч нерсе билген эмесмин. Айрым сүрөттөр өтө эле ыплас. Көргөндөрүмдөн жийиркенип кеттим.

Күйөөм менен сүйлөштүм. Ал бардыгын мойнуна алып, ушундай кыз жандуу болгонун айтты. Бирок бөлөм жөнүндө сөз козгогон жокбуз. Оңолом деп убада берди. Баары жакшы болот деп өзүмдү-өзүм ишендирип койдум.

Арадан көп өтпөй эле жолдошумдун ар түркун калпы чыга баштады. Апама барам деп коюп, башка жакка кетчү болду. Ар качан кийими айымдардын атыры жыттанып келет. Бир жолу анын көйнөгүнөн помаданын изин байкадым. Мен бир канча убакыт унчуккан жокмун. Бирок күйөөмдүн басканы көбөйдү. Бир күнү үйдөн алыс эмес жерден, кечинде эшикке чыгып балдар аянтында отуруп, жолдошумдун бир секелек кыз менен эркелешип өбүшүп атканын көрүп калдым.

Азыр мен күйөөмдөн кетип калдым. Ал мени сооротуп, элдешүүгө аракет кылып атат. Бул акрыкы жолу деп ант бергенин койбойт. Бирок мен ага ишенбейм. Эмне кылаарыфмды билбей отурам.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here