Кербендеги массалык баш аламандык. Жергиликтүү милиция бөлүмүнүн башчысы кызматынан алынды

0
30

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Ички иштер министринин буйругу менен милициянын полковниги Шекербек Тангиров ээлеген кызматынан бошотулду”, – деп билдирди министрлик.

Эске салсак, 7-октябрда Кербенде митинг болуп, анда массалык мушташ болгон. Тополоңдун натыйжасында жергиликтүү тургун каза болуп, дагы алтоо жаракат алган. Бул кылмышка шектелип Кутман Шадыбеков кармалган.

2-январда шектүүнүн туугандары Жалал-Абад облусундагы УКМКнын имаратынын жанына митингге чыгышкан. Бүгүн алар Кербен-Ала-Бука унаа жолун тосуп, нааразычылык акциясын кайталашты. Митингчилер кармалган адамды сыртка чыкпоо тил каты менен бошотууну талап кылышууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here