Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнөдөн кайтты

0
230

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан кийин 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген. Фрунзедеги №5 орто мектепти аяктап, Ленинграддагы Полиграфиялык институтка тапшырганы менен табиятынан берилген шык, талант аны искусствого кайрып келет. Театр залкарлары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүковалардын көрөгөчтүгү менен 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынат.
Актриса 1958-жылы тартылган “Алыскы тоолордо” көркөм тасмасында роль аткаруу менен кеңири таанылган.
КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова.
Топудай кыргыздын башына тоодой кайгы үйүлбөсө дейм. Сейдакматова менен дил маек
Кыргыз сахнасында В. Шекспирдин “Азоого чалмада” Катарина, “Отеллодо” Дездемона, Ч. Айтматовдун “Кылым карытар бир күндө” Найман эне, Ж. Абдыкадыровдун “Олжобай менен Кишимжанда” Кишимжан, К. Мамбетакуновдун “Омар Хайямдын махабатында” Элпи, М. Байжиевдин” Төрт адамда” Нази, “Кыз күйөөдө” Гүлсүн, Б Жакиевдин “Күттүргөн жазда келерде” Зейнеп, М. Каримдин “Ай тутулган түндө” Шафак, Гоголдун “Үйлөнүүсүндө” Агафе Тихоновна, Ш. Садыбакасовдун “Ак боз атта” Эркайым сындуу этаптык образдарды жараткан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here