Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобков ден соолугуна байланыштуу Түркия мамлекетине учуп кеткен

0
317

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобков ден соолугуна байланыштуу Түркия мамлекетине учуп кеткен. Анын бир бутуна Стамбул шаарындагы клиникалардын биринде операция жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Юрий Бобковдун жубайы Асель Осмонова бүгүн, 17-ноябрда маалымдады. Маалыматка ылайык, бул ага дайындалган 2 операциянын биринчиси, экинчи бутуна келе жаткан жылдын январь айында жасалат. “Операция 2 саатка созулуп, ийгиликтүү өттү. Азыр Юрий наркозу тарап, эсине келе баштады. Биз Стамбулда дагы 10 күндөй болобуз. Бардык процедураларга Акылбек Изабеков аттуу мекендешибиз катышып, жардамын көрсөтүүдө”, – деди Осмонова. Буга чейин легендарлуу “Досум Үсөн” ансамблинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобковго операция жасатуу талап кылынып жатканын, операциянын баасы 8000 долларды түзөрү маалымдалган. Музыкант тизе муун оорусу менен 2015-жылдан бери жабыркап келет.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/385937/

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here