Кыргызстанда 9 бейтаптын абалы оор

0
766

Кыргызстанда бүгүн, 10-майга карата коронавирус оорусун жуктургандардын саны 1002 адамга жетти. Бул тууралуу эртең мененки онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, стационарларда 260 адам дарыланып жатат. 9 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен 4 адам жандандыруу бөлүмүндө.

Бүгүнкүгө карата ооруканадан 675 адам чыгарылды. Коронавирус аныкталгандан кийин 12 адам каза болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here