“Чек арада” кыска метраждуу тасмасы Тегеранда өткөн Эл аралык кинофестивалда байгелүү орунга ээ болду. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Алардын айтымында, сценарист Искандар Усмоновго “Кыска метраждуу көркөм фильминин мыкты сценарийи үчүн” деген сыйлык тапшырылды.
Салтанатта Кыргыз Республикасынын атынан дипломатиялык миссиянын кызматкерлери катышты.