«Кыргызстандын Москвадагы консулдук бөлүмүнүн башчысы ким болот?»

0
881

«Кыргызстандын Москвадагы консулдук бөлүмүнүн башчысы ким болот?»

Бул суроо социалдык түйүндөрдө активдүү талкууланууда. Аталган кызматка талапкер болгондордун ысымы көп айтылгандардын арасында Алтынбек Оморалиев дагы бар. Ал ким, таржымалы кандай?

Алтынбек Оморалиев: 1983-жылы 30-августта Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда төрөлгөн. Эки жогорку билими бар – юрист жана экономист.

Эмгек жолу өлкөнүн финансы полициясында иштөө  менен башталган. 7 жылдан ашык убакыт Россия Федерациясында ишкерлик кылып келет.

Алтынбек Оморалиевдин Кыргызстандын Москвадагы консулдук бөлүмүнүн башчы кызматына талапкер болуусу боюнча мигранттардын пикири:

Римма Айдарова – мигрант: Мен үй-бүлөм менен Россияда жашаганыма 10 жылдай болду. Кыргыз мигранттарынын чечилбей жаткан көп көйгөйлөрү бар. Биздин көпчүлүк мекендештер ар кыл документтерди жасоодо маселелерге туш болушууда. Ошондуктан Кыргызстандын Москвадагы консулдук бөлүмүнүн башчысы биздин ишибиздин тез арада чечилишине салым кошкон компетенттүү жана жооптуу адам болушун каалайт элем. Ал эми Алтынбек Оморолиевдин талапкерлерлиги боюнча токтолсом, биз аны коронавирус пандемиясы күч алып турганда кыргыз мигранттарына олуттуу жардам берген жигердүү коомдук ишмер катары тааныйбыз. Ал ошондой эле башка активисттер менен биргеликте Россияда жашаган мекендештерибизге көмөк көрсөтүү үчүн атайын эсеп ачып, анын негизинде бир топ муктаж адамдарга жардам берди. Алтынбек Оморолиев алдыга максат коюп, анын өтөөсүнө чыгуунун жолун билет жана эл менен иштей алат. Ошондуктан анын талапкерлиги бул кызматка төп келет деп ойлойм.

Алмаз Токтосунов – Москвадагы «Барпы»  коомдук бирикмесинин төрагасы: Консулдун башкы жана негизги милдети – бул Кыргызстандын кызыкчылыгын жана мекендештерибиздин укуктарын коргоо. Демек, консул белгилүү тажрыйбага ээ жана ар кайсы тармакта ары билимдүү болушу керек.

Интернетте талапкерлиги талкууланып жаткан Алтынбек Оморалиев жаш жана жигердүү жигит. Ал өзү Россияда узак убакыт жашаган, мигранттын жашоосун жон териси менен сезген адам деп айта алабыз. Маселелерди үстүртөн гана эмес,  терең билет. Эгерде анын талапкерлиги кадрларды тандоо жана дайындоо боюнча белгилүү бир эрежелерге жооп берсе, эмнеге консул болбош керек.

Бакытбек Жаманбаев – Россия Федерациясындагы  «Кара-Көл» коомдук бирикмесинин жетекчиси:

Бизге мекендештерге ар тараптуу жардам берген консул керек. Анын иштей турган иши көп – бул жарандык алууну, турмушка чыгууну каалагандарга, саясий башпаанекке муктаж болгондорго, ж.б жардам берүү деген сыяктуу. Учурда консулдук бөлүмдө кезек күткөндөр көп. Онлайн негиздеги кезек платформасы иштеп жатат, бирок жетиштүү деңгээлде натыйжалуу эмес. Бул болсо биздин мекендештерге кандайдыр бир ыңгайсыздыктарды жаратат. Дагы бир маселе – кадр жетишсиздиги. Бөлүмдө киши аз болгондуктан, мигрант бир маалымдама кагазын алууга бир нече күнүн кетирет. Менин оюм боюнча, Алтынбек Оморолиев бул милдеттердин өтөөсүнө чыга алат. Анткени ал билимдүү, сабаттуу жана команда менен иштей алат.

Жазгуль Адылова – мигрант: Бизге мигранттардын көйгөйлөрү менен жакындан тааныш адам – ​​реформатор керек. Дал ушул сапат, менин оюм боюнча, кыйын күндөрдө ар дайым мекендештерибизге жардам берип келген Алтынбек Оморалиевде бар. Ал Россиядагы мекендештерибизди колдоп гана тим болбостон, маданий, экономикалык жана дипломатиялык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган чараларды иштеп чыга алат деп ойлойм.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here