Маданиятсыз маданият кызматкерлери

0
2305

Ырчы Курал Чокоев, Кайрат Кыргыз ж.б. дагы көпкөн эки, үч (алар наркомандардан да жаман көрүнөт жана сүйлөшөт) жигиттин чогулуп алып, көрсөтүүдө ашыкча былжырап сүйлөшкөнү, анан уялбай аны кайра коомчулукка көрсөтүү катары ютуп каналы менен тартуулаганы коомчулукта катуу сынга кабылды.

Чынында алар маданият өкүлдөрү эмес, маскарапоздор экенин далилдешти. Бул маданиятка жамынып алышкан маӊкурттар деген да сындар айтылууда. Бул көрсөтүүнүн барынан жогу жакшы. Ал эми кыргыздын менталитетине, ыйман, каада -салтына туура келбеген жоркутарды жалпы коомчулукка алып чыгып, өзгөчө өсүп келаткан жаш муундарга таӊуулап бузуп жаткандарга Кудай өзү ыйман берсин. Бирок жакшысы, мындай чектен чыккан көрсөтүүлөрдү такыр көрсөтпөшү зарыл…Өкмөт бул боюнча атайы чара көрүшү зарыл…

Илим Карыпбеков да аларды сындап мындайча жазды:

«Бул деградациянын эң түбү. Мындан кийинки кадам айбан болуу, айбанча жашоо. Аты таанымал жигиттердин кылыгы ушул болгондон кийин, башкалардан адептүүлүктү кантип күтөбүз. Курал иним, ушул көрсөтүүңүз акыркы көрсөтүү болуп, жабылып, элге өзүңүздүн буга чейин кылган жакшы чыгармачыл иштериңизди улантасыз деп үмүттөнөм.»

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here