Мас абалдагы айдоочу үйдүн жалгыз уулун сүзүп кетти

0
37

, 30-июлда Талас шаарындагы унаа кырсыктан каза болгон 26 жаштагы Аскат Асыкуловдун денеси соттук-медициналык экспертизага тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маркумдун агасы Азиз Жийдебаев билдирди.

«Биздин үй бир заматта эле ушундай күйүткө кабылып калдык. Иним Аскат Асыкулов кечээ дүкөнгө велосипед менен барып, кайра келе жаткан кезде мас абалдагы айдоочу унаасы менен сүзүп кеткен. Ал бүгүн эртең менен жан берди. Биз калыс чечим болбой калат деп кооптонуп, инимдин сөөгүн соттук-медициналык экспертизага бердик. Ичибиз аябай ачышып турат. Ал бир үйдүн жалгыз уулу болчу», – деди ал.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы АКИpress агенттигине Таластын Көк-Токой айылынын 53 жаштагы тургуну Марслатбек Шералиев жол четинде велосипедчен адамды унаасы менен коюп, андан кийин токтоп турган «Мерседес-Бенц Гигант» унаасын сүзгөнүн кабарлаган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Айдоочу адам УКМКнын запастагы подполковниги, 2017-жылы өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат М

ураталиевдин кеңешчиси болгону айтылган

Бирок өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров унаанын айдоочусу Марслатбек Шералиев расмий түрдө кызматта эместигин айтып чыккан.

«Массалык маалымат каражаттарына туура эмес маалымат кеткен. Бизде ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси деген штат жок. Ал коомдук жардамчы катары келип жүргөн. Бизде ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө 33 гана штат бар», – деген ал.

Талас ОИИБден кырсык учурунда Марслатбек Шералиев мас абалда болгонун кабарлашкан.

Бүгүн, 31-июлда унаа уруп кеткен Аскат Асыкулов ооруканадан көз жумганы белгилүү болгон.

Марслатбек Шералиев деген ким?

Шералиев Марслатбек Жолдошбекович Талас районунун Талды-Булак айылында төрөлгөн. 3 баланын атасы.

Ташкенттеги электротехникалык институтту аяктаган.

марслатбек

Эмгек жолу:

– 1985-1987-жылдары — Афганистанда аскердик милдетин өтөгөн;

– 1990-1992-жылдары — Лениполь районунда байланыш тармагында иштеген;

– 1992-2007-жылдары — улуттук коопсуздук кызматында иштеген, запастагы подполковник;

– 2007-2011-жылдары — «Жерүй» ишканасында коопсуздук кызматынын жетекчиси;

– 2011-2016-жылдары — Афган согушунун Талас облусундагы ардагерлеринин уюмунун жетекчиси;

– 2016-2017-жылдары — УКМКнын антикоррупциялык системасы боюнча Таластагы коомдук кабылдамасынын өкүлү;

– 2017-жылдан бери Талас облусунун жетекчисинин кеңешчиси.

2019-жылдын январь айында Талас районунун акими кызматына талапкерлердин бири болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here