Мирбек Атабеков:”Оштуктарды Бишкекке бастырбаш керек”-деген сөзү үчүн кечирим сурайбы?

0
15365
Фейсбуктун «Кызыктар» группасына төмөнкүдөй билдирүү калтырышкан:
Мирбек Атабеков “оштуктарды Бишкекке бастырбаш керек” деген чагымчыл сөзү үчүн элден кечирим сурасын!
Шайлоонун жыйынтыгын шылтоо кылып, бирок баш-аламандык уюштуруп, Акүйдү талкалап, бей күнөө адамдардын унааларын өрттөгөн окуянын көп уюштуруучулары азыр эркиндикте жүрөт. Мындай каргашалуу окуяга маданият өкүлдөрү дагы аралашты. Тактап айтканда, топтолгон элди агрессияга үндөп ырчы Мирбек Атабеков жүрдү.
Ал, трибунадан сүйлөп бүтүп, элдин арасында түшкөндө “Оштуктарды тазалаш керек, керек болсо оштуктарды Бишкекке бастырбаш керек”-деп айтып, жанындагы оштуктар менен уруша кеткенге чейин барды.
Мирбек Атабеков биринчиден өзүнүн трайбалист экенин көрсөттү, экинчиден элди бөлүп жарган кыргыздын душманы экенин далилдеди. Бирок, мунун бары жөн гана трайбалисттик мүнөз эмес, атайын жасалган провокация. Себеби, Мирбек Атабеков жана анын жубайы Мээрим Төлөпберген Американын шпиону. Анын жубайы буга чейинки НПО сектор жана ЛГБТ өкүлдөрү уюштурган акцияларга катышып, уюштуруу иштерине аралашып жүргөн. Булар Америкага дагы оӊой виза алып, бат-баттан барып келип турушат. Атасынын бизнеси дагы Америкада.
Маданият кызматкерлери саясатка аралашып, эли бөлүп жарган окуя буга чейин болгон эмес. Мирбек Атабеков маданият чөйрөсүнүн өкүлү катары эӊ туура эмес кадамдарга барды. Ал, эмгек сиӊирген артист наамынын дагы ээси болчу. Маданият министрлиги анын жүрүм турумун, кыргызга кылган кыянаттыгын, түндүк-түштүк кылып бөлгөн аракети үчүн наамын ажыратышы зарыл. Бул башкаларга сабак болсун!
Жубайы Мээрим Төлөпберген Бишкектеги гей-парад, музейдеги чечинген аял иш-чарасы, “мен чай куйбайм, төрөбөйм” деген кыргыздын улуттук дөөлөттөрүнө каршы келген иш чараларга салым кошкон чыккынчы. Булар кыргыздын душмандары, эске тутуп алгыла.
Мирбек Атабеков “оштуктарды Бишкекке бастырбаш керек” деген чагымчыл сөзү үчүн элден кечирим сурасын!”.-деп жазышкан .. .Мындай учурда көптөр туура эмес маалымат таркатып “эл артистин “каралаганы туура эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here