Москва районунда эттин баасы эмне үчүн арзандабай жатат? Соодагерлердин жообу

0
98

Чүйдүн Москва районунун Беловодск айылындагы борбордук «Ярмарка» базарында эттин баасы эмне үчүн арзандабай жатат? Бул суроого соодагерлер жооп берди.

«Мен 23 жылдан бери эт сатам. Жаңы 2021-жылы эттин баасы өткөн жылдан эч өзгөрүүсүз болууда. Койдун, уйдун эти 420-450 сомдон сатылууда. Анын бирден бир себеби базарда малдын баасы кымбат болгонунда. 1 килограмм жем 15 сом, 1 түк чөп 200 сом турат. Мына, жанымдагы сатуучу мал базардан 11500 сомго кой алды. Ал 29 килограмма эт берет. 11500 сомду 29 килограмга бөлүп көрсөңүздөр 395 сомду түзөт. Демек, 1 кг эт 395 сомду түзгөн болсо, анан кантип арзан сатабыз? Күн сайын төлөп туруучу башка чыгымдар да бар», – деди 50 жаштагы эт сатуучу Жайлообек Нескараев.

Мындан сырткары өсүмдүк майынын 1 литри 130 сом, 5 литри 595 жана 610 сомдон сатылууда.https://chui.turmush.kg/news:422817

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here