Нарын шаарында жугуштуу ооруларды дарылоочу оорукананын курулушу башталды

0
204

Нарында жугуштуу ооруларды дарылоочу 70 орундуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Анын айтымында, Нарын шаарында оорукана катары кайрадан профилдештирүүгө ылайыктуу имарат жок болгондуктан, анын ордуна жаңысын куруу чечими кабыл алынган. Ал Нарын облустук бириккен ооруканасынын аймагында курулат.

«Жаңы оорукананын курулушу мамлекет тарабынан каржыланууда. Бир кабаттуу имаратты Нарын шаарынын аба-ырайын жана климаттык шарттарын эске алуу менен жеңил конструкция түрүндө куруу пландаштырылууда ”, – деди штабдан.

Дарыгерлерге жана бейтаптарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн заманбап бокс залдары, ошондой эле байланыштарды азайтуу үчүн 20 керебетке арналган реанимация бөлүмү иштейт. Оорукана бир айдын ичинде бүткөрүлөт деп күтүлүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here