Назира Айтбекова :көллүктөрдө жердешин колдоо деген нерсе жок

0
1851

Көлдүк, авамсың” дебейм. Бизде көлдүктөрдө жердешин колдоо деген нерсе жок. Бир дагы көлдүк авам же эжем деген эмес мага! Өз бутума өзүм тургам. Садыр мырза, эл сизден элдик лидерди көрүп турат. Сизге укмуш бир сыйкырчы же укмуш бир баатыр келгендей ишенип, этегиңизге намаз окугага даяр . Сиз чыккандан бери көз жашы кургабай, боор тартып, мыйзамды талап кылган Жаштарды ашата сөгүп атканы көп! Тагдырыңызга боор тартып, сиз үчүн өлүп бергенге даяры да болду. А жаштар эмнени кааладык эле? Биз акыйкаттыкты талап кылдык. Биз адилетсиз шайлоону жокко чыгарсын дедик. Биз башкара албай, тууган уругун жыйып алып, акыйкатсыздыкка көз жумуп, элди тоногонго уруксат берип, арабаны тарта албай, убара болуп аткан ажону кетсин дедик. Түрмөдөгүлөрдү чыгарып, революция кылып салалы деген оюбуздан да өткөн эмес. Бирок таратпташтарыңыз бул нерсени колдонуп кетти. Биз Люстрацияны кааладык. Мыйзам орносун жана ага баары баш ийсин дедик. Кечээ эле “Жаштар келсин! Эскилерден тажадык. Эски жүздөр кеткиле” деп аткан эл оюнан тайды. Кечээ добушун саткан эл , бүгүн Жаштарды сатты! Жаштарга ишеним көргөзгөн жок. Адатынча “Баланын иши чала . Бала деген баладай башы көзү чарадай болуш керек. Чоңдорго аралашпай, ары ойногула!” деп койду. Бизди ата – энелерибиз ошентип түртүп койчу эмес беле? Жыйынтыгында жалаң баягы эскилер, көпөстөр менен калдык. Жаштар да амбициясын жеңип, бир турушу да кыйын болду. Садыр мырза, эгер эртең элдин жашоосун ойлоп, башка нукка буруп, арабаны тартып кетсеңиз, алдыңыздан миң мертебе өтөөрбүз. Бүгүнкү ачуу сөзүбүздү артка алып, тизе бүгүп, кечирим сураарбыз. Биз – жаштар, тек гана мыйзам менен акыйкатты тиледик. Жеке сизге эмес, мыйзамсыз отурган ордуңузга ачуубуз келди. Сизге жан тарткан ачуулуу инилериңизди артка тартыңыз! Билимдүү, мекен үчүн , адилеттүүлүк үчүн чуркаган балдар – кыздардын жашоосуна коркунуч туулбасын! Темирланды бошотуңуз! Ал болгону 22 жашта эле. Сиздин да уулуңуз бар.Темир торго сиз менен кошо отуруп калган ал дагы. Кандай экенин билесиз. Аталыгыңызды ойготуңуз. Аталык сезимди ойготмоюн Журт атасы болуш кыйын! Эски куйруктардан арылыңыз. Душманыңыз да, досторуңуз да эски жүздөр. Арылганга күчүңүз жетээр бекен? Болгон күч – мыйзамда! Бү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here