Парламенттин депутаттары октябрь жана ноябрь айлары үчүн толук маяна алышты

0
446

Депутаттар айлык акыларын толугу менен эки ай – октябрь жана ноябрь айларында алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдирди. Анын айтымында, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү октябрь айындагы эмгек акыларын Ак үйдүн ремонтуна которушкан. Бирок бир дагы депутат ноябрь айындагы эмгек акыларынан баш тартышкан жок. Белгилей кетсек, буга чейин алтынчы чакырылыштын депутаттары ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартуу мезгилинде акысыз иштөөгө даяр экендиктерин билдиришкен.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here