Президентти шайлоо. Милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

0
18

8-январдан тарта милиция кызматкерлери Кыргызстандын бардык аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүшүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков кол койду.

«Шайлоодо мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылууга 11 миңден ашуун милиция кызматкерлери тартылат. Бүгүнкү күнгө чейин шайлоо участкаларында 5 миңден ашуун милиция кызматкерлери бар », – деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум ошол эле күнү – 10-январда өткөрүлөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here