2021-жылдын январь-ноябрь айларына карата республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 344,3 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 082 тоннага же 1,8 пайызга көп болду. Мындай өсүштүн негизги себеби малдын санынын көбөйүшү менен байланыштуу.