Сапар Исаков абактан бошотулду

0
1102

Сапар Исаков менен Равшан Жээнбеков абактан бошотулду. Бул тууралуу алардын тарапташтары социалдык түйүндөрдө билдиришти.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган. Ал 23-сентябрда Молдовановка айылындагы №27 жаза өтөө мекемесине которулган болчу.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш айылында массалык баш аламандыкты уюштуруу жана барымтага алуу фактылары боюнча кармалган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here