Шавкат Мирзиёевдин кызы элине кайрылды

0
17

Учурда коңшу өлкөдө эпидемиологиялык абал оор. Акыркы маалыматтарга караганда, Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 23 558ге жетти. Анын ичинен 137 киши каза болду.

Кечээ эле бакубат жашап жаткан элибиз бүгүн эмне кыларын билбей, кайгыга батып турат. Өзбекстандын Байланыш жана массалык коммуникациялар агенттигинин (БМКА) директорунун орун басары, өлкө президентинин кызы Саида Мирзиёеванын Курман айт күнү элге кайрылуусун Sputnik Өзбекстан агенттиги жарыялады.

“Жарым жыл мурда бакубат турмуш сүрүп жатсак, азыр айлабыз кетип, кайгыга батып тургабыз. Күн сайын кимдир бирөө жакынын жоготконун укканда жүрөк ооруйт. Бирок азыр болгон күчүбүздү топтоп, жакшы күндөрдү күтүшүбүз керек. Ал күндөрдүн тезирээк кайтышы үчүн президентибиз колдон келген аракетин кылууда. Ал ар бир суук кабарды кайгыруу менен кабыл алууда. Анткени силер президент үчүн бир чоң үй-бүлөсүңөр”, — деди Мирзиёева.

Ар бир көз жумган мекендешим сай-сөөгүмдү сыздатып кетти… Жээнбеков элге кайрылды

Ошондой эле президенттин кызы пандемия башталгандан бери тикесинен тик туруп оору менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге таазим этерин кошумчалады.

Учурда коңшу өлкөдө эпидемиологиялык абал оор. Акыркы маалыматтарга караганда, Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 23 558ге жетти. Анын ичинен 137 киши каза болду

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here