Сузакта изделип жаткан 9 жаштагы Сумаянын жансыз денеси табылды

0
487

Сузакта изделип жаткан 9 жаштагы Сумаянын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сузак айылынын тургуну 2012-жылы туулган Хосилжанова Сумая Уткирбековна 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке окууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Милиция кызматкерлери менен биргеликте коомчулук, ыктыярчылар да тартылып, жүргөн жерин аныктоого жардам көрсөтүп келишкен.

Кечээ, 27-ноябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамаларда Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан телефон чалуу болуп, ошол эле райондун Арал айылындагы Көк-Арт суусу аккан чоң сайдын жээгинен болжолдуу 8-12 жаштагы кыздын жансыз денеси табылгандыгын кабарлаган. Бул маалымат боюнча Сузак РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу жансыз дене табылган жерге барышкан. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн жана эч кандай жараттары жок (денеси бүтүн) экендиги аныкталган. Табылган жансыз дене Хосилжанова Сумая экендиги такталган.

Бул факты Сузак РИИБге табылган өлүк болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here