Түркмөнстандын Президенти 123 килограмм баңгизатын өрттөдү

0
96

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги заттарды жана башка дары-дармектерди утилдештирүү боюнча комплекстин ачылышына катышты.            Баңги заттарды жана психотроптук заттарды жок кылуу үчүн иштелип чыккан жаңы комплекс борбор шаардан 100 чакырым түндүктө жайгашкандыгын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.Мамлекет башчысы бир нече таңгак контрабандалык жүктөрдү кызарган мештин оозуна жөнөттү.            Жалпысынан 122,5 килограммдан ашуун баңги заты өрттөлүп жок кылынды, бул түркмөн элинин бул ичимдикти кабыл албаган принциптерине дал келет, деп билдирди Түркмөн телеканалынын «Ватан» маалымат программасы.            Алынган баңги заттарды жок кылуу боюнча иш-чаралар Түркмөнстанда жыл сайын 26-июнда – Баңгизаттарды кыянаттык менен колдонууга жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө өткөрүлөт. Быйыл бул иш-чара жаңы комплекстин ачылыш аземине карата уюштурулуп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here