Талант Мамытовдун Россияга болгон иш сапары тууралуу пикирлер

0
360

Интернет желесинде Талант Мамытовдун Россияга болгон иш сапары тууралуу ар кандай пикирлер тарап, атайын топтор анын созун бурмалоого аракет жасаганына кубо болдук.
Орусча оюн так түшүндүрө алган жок деп, өзүбүздү өзүбүз тебелеп, басмырлагандан кимге пайда? Тескерисинче жаманыбызды жашырып, жакшыбызды чыгарып, көтөрмөлөп турсак эмнеге жарашпасын. Чындап келсе төраганын айткан ою туура эле. Мигранттарга байланыштуу жакшы маселени көтөрдү. Уй-булосу Россияда калып, оздору Кыргызстанга чыгарылып кеткен кыргыз мигранттарынын проблемасын кантип чечуунун жолдорун талкуулашыптыр. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов андан тышкары Орусиянын парламентинин жетекчилери менен жолугушуп, бир катар маселелерди таалкуулашыптыр. Кыргыз мигранттарын туйшолткон маселелер талкууланып, Талант Мамытов Орусиядагы кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу темасын козгоп, үй-бүлө мучолору бири-биринен ажырабаш керек экенин белигилеп, КР жарандарынын айрым категорияларын кара тизмеден чыгарууга көмөк көрсөтүүнү суранган. Ошону менен катар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.
Андыктан, маселенин озогуно конул бурбай туруп, бөйрөктөн-шыйрак чыгарып эле жамандай бергенибиз кантип болсун.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here