Таш-Дөбө айылындагы эки үй-бүлөнүн үйүн жеңеси мыйзамсыз тартып алды.

0
653

Таш-Дөбө айылындагы эки үй-бүлө үй-жайсыз калды. Алардын үйүн жеңеси мыйзамсыз тартып алган. Артур жана Бекнур Джелдикараевдер үй-бүлөлөрү менен акыркы мезгилдерге чейин Таш-Дөбө айылынын Кыргыз көчөсү No24 жана No 26 үйлөрүндө жашап келишкен. Үйлөрдүн бирөө балдарга чоң энесинен мураска калган. Маркум чоң эненин улуу келини юрист кызынын (биринчи никедеги) жардамы менен мураска калган үйдү тартып алган. Анын кесепетинен эки үй-бүлө үйсүз калды (бир бүлөнүн беш, экинчисиники эки кичинекей баласы менен).
Бири маршрутка айдап, экинчиси жер тытып оокат кылган туугандардын жогору жакта таанышы болбогондон улам акыйкаттык үчүн президент Садыр Нуркожоевич Жапаровдон,  УКМКанын төрагасы Ташиев Камчыбек Ташиевден акыйкат чечип берүүсүн суранат.Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын үнү сиздерге жетип ,акыйкат ,туура чечип ,балдардын үйүн кайра кайрып берет деп үмүттөнөбүз.
Жети чүрпөсү бар эки бүлөнүн көчөдө калышына жол бербейли.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here