UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолуккандыгы тууралуу билдирүү жасады.

0
536

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолуккандыгы тууралуу билдирүү жасады. Анда мушкер айым Садыр Жапаровго беттештен кийин телефон чалганына кубангандыгын билдирди. “Садыр Нургожоевич, сиз үчүн спорт өлкөнүн өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү экенине рахмат! Беттештен кийин телефон чалып куттуктаганыңызда абдан сүйүндүм жана азыр сизди жеке көргөнүмө абдан кубанычтамын. Кыргыз өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшү үчүн көп иштерди жасап жатасыздар”, – деп жазды Шевченко. Валентина Шевченко Садыр Жапаровго кечээ, 22-ноябрда жолуккан. Жолугушууда өлкө башчы мушкер айымга 1 миллион сомдун сертификатын берген.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/386649/

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here