Улуттук банк сомду колдоо максатында дагы 1,6 миллион доллар сатты

0
387

Бир күн мурун Улуттук банк кайрадан интервенция жасап, 1.6 миллион доллар сатты. Белгилей кетүүчү нерсе, бул ноябрь айындагы жетинчи интервенция. 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 26,8 миллион доллар саткан. 16-ноябрда 21,4 миллион доллар, эртеси күнү дагы 500 миң долларлык интервенция кылган. 18-ноябрда 1,3 млн доллар сатылса, 19-ноябрда сомду колдоо үчүн 3 миллион доллар, 20-ноябрда 2 миллион 50 миң доллар сатылды.

Ноябрь айында валюта базарындагы кырдаалды турукташтыруу үчүн 31 миллион 850 миң доллар сатылган.

Экинчи ай доллар туруксуз болууда. Өткөн жуманын башында ал кайрадан кескин өсө баштады, эки күндүн ичинде 2,5 сомго кымбаттады. Кийинчерээк валюта курсу бир аз стабилдешкен, бирок кайра 84,9 сомго көтөрүлдү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here