Улуттук Илимдер Академиясында Ч.Айтматовдун эстелиги орнотулат.

0
451

Бүгүн 12-декабрда саат 12: 00дө Улуттук илимдер академиясында академик, Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эстеликтин ачылышы болот.

Илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, эстеликтин ачылыш аземинен кийин эсте калаарлык кече болот.

Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө учурунда Илимдер академиясынын короосуна эстелик орнотуу идеясын көтөрүп чыккан А.Тил жана адабият институтунун директору А. Ч.Айтматова, академик Абдылдажан Акматалиев.

Эстеликтин демилгеси жана макети институттун эмгек жамааты менен жолугушууда академиктер, корреспондент мүчөлөрү А.Эркебаев, М.Мамакеев, А.Бөрүбаев, А.Какеев тарабынан колдоого алынып, коомдук илимдер бөлүмүндө, академиянын президиумунда каралды.

Эстеликтин ачылышына мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, изилдөөчүлөр жана илимпоздор чакырылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here