Вице-мэрдин үйүндөгү мушташ. Мэрия окуянын чоо-жайын айтып, мушташтын видеосун жарыялады

0
880

Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев эч кимди сабаган эмес. Бул  тууралуу   Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди:


Буга чейин Алмаз Бакетаевдин өзүнүн үйүнүн жанынан Ч.М. аттуу жаранды сабагандыгы тууралуу маалымат пайда болгон. “Мындай маалымат чындыкка дал келбейт”, – деп белгилейт мэрия.

Алардын билдирүүсүндө, ошол жердеги видео жаздырууну алышкан. “Анда көп балдар, аялдар жүргөнүн көрүүгө болот жана эч кандай кимдир бирөөнүн сабалганы байкалбайт”, – деп кошумчалады мэриядан.


Бирок видео байкоодон так ошол окуя болгон учур көрүнгөн эмес. Подъездден бир топ эркек кишилер чыгып жатканы, алардын ичинен бирөөсү канаган бетип сүртүп жатканы байкалат.

“Такталбаган маалымат биринчи вице-мэрдин репутациясына зыян алып келет жана ал өзүнүн ар намысын, кадыр-баркын мыйзамдын алкагында коргой турганын жашырбайт. Конституциянын 29-беренесине ылайык ар бир жаран жеке жашоосунда кол тийбестикке жана абийирин сактоого укуктуу. Жарандык кодекстин 18-беренеси боюнча ар бир жаран эгерде анын жеке абийирине, кадыр-баркына жана иш репутациясына доо кетирсе, айтпай туруп жалган маалымат таратса моралдык зыян тартканы үчүн сотко кайылып, келтирилген зыянды талап кылууга укугу бар”, – деп айтылат мэриянын маалыматында. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here