Ысык-Ата районунда милиция кызматкерлери баңги затын кармоочу жайга өткөрүп берген адамды кармады

0
915

Ысык-Ата районунда баңги затын убактылуу кармоочу жайларга өткөрүп берген деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин милицияга белгисиз адам баңги затын Ысык-Ата районунда жайгашкан түзөтүү абагына өткөрүп бергендиги тууралуу билдирүү түшкөндүгү такталууда. Факт ЕРППде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз өндүрүү” беренеси боюнча катталган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө  кылмышка шектүүнү аныкташты. 43 жаштагы адам кармалып, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки процесстер уланып жатат », – деп кошумчалашты милициядан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here