Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыйган деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды

0
171

Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыйган деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ыйлайык, 19-ноябрь күнү Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан, алынган маалымат боюнча Пионер айылынын 24 жаштагы тургунунун үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Кароо учурунда, анын үйүнөн ар биринин узундугу 5 метрди түзгөн, 16 даана мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайы табылып алынган. Бул факты Ак-Суу РИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилген. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жергиликтүү тургундарды айлана-чөйрөнүү сактоодо жарандык жоопкерчиликтерин көтөрүүгө чакырып, мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жоопкерчиликтер каралгандыгын эскертишет. Эгерде, кимде ким, мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу менен алектенип жүрүшкөн жарандар жөнүндө маалыматтары болсо, милициянын «102» кызматына билдирип коюну өтүнүшөт
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/386323/

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here