Жаңы жылдын алдында адам өлтүргөн шектүү селсаяк кармалды

0
206

Бишкек шаарында адам өлүмүнө шектелген киши кармалды. АКИpress агенттигине бүгүн, 5-январда булактар аркылуу белгилүү болгондой, 29-декабрда эртең менен Улуттук онкология жана гематология борборунун алдынан эркек кишинин сөөгү табылган.

Сөөктүн жанынан 35 жаштагы И.Сергейге таандык паспорт табылган. Адистер маркум киши колдуу болгонун айтышкан.

Адам өлтүрүү беренеси менен козголгон иштин алкагында Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү кармалды. Шектүү — 36 жаштагы С.М. Анын туруктуу жашаган жери жок, селсаяктар менен күн кечирип келген. Учурда тергөө уланып жатат.https://barakelde.org/news:422024/?from=barakelde&place=mainmainlist

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here