Жалгыз калган карыя жардамга муктаж.

0
379

Бүгүн, Исанов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде, мага Мырза Исабаевмын деп  тааныштырган бир ата келип, жардам сурады. Ал 63 жашта экен. Бишкекте жалгыз жашайт экен. Жашаган жери дагы, иштеген жери дагы жок. Майда чүйдө жумуш таап, тамак аш алганга аракет жасайт, бирок жашы өтүп калган кишиге жумуш табуу да өтө кыйын экен дейт. Айла жок көп учурда ачка калат. Айласыздан кээде кайыр сураганга туура келет дейт карыя. Мырза байкенин жогорку билими бар экен. Жаш кезинде Таш-Көмүр ГЭСинде иштеп, андан кийин Майлуу-Суу электротехникалык колледжинде жогорку математикадан сабак бериптир. Кийинчерээк, кандайдыр бир себептерден улам, Алматыдагы туугандарынын үйүнө көчүп кеткен, андан кийин кайтып келүүгө аргасыз болгон. Ал эми 2006-жылы аялы жана балдары Орусияга кеткен, ошондон бери ал аларды көргөн эмес.

Репетиторлук кылсам же математикадан жеке сабактарды өтсөм деген оюу бар, бирок документтеринин баарын жоготуп алгандыктан, жумуш таба албай атканын айтты.

Урматтуу достор, эгер кимдир бирөө бул чоң атага кандайдыр бир жол менен жардам бере алса, анда 0706 033 635 телефону аркылуу байланышсаныздар болот. (Исабаев Мырза Балтабаевич)

Мындай билдирүүнү Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу тараткан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here